• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков: “Качан гана бийлик элге кызмат кылганда Апрель окуясынын шейиттеринин арбагы ыраазы болот”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Апрель элдик революциясынын бир катар баатырлары менен жолугушуп, аларга Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы билдирет.

Төрага Дастанбек Жумабеков 2010-жылдагы окуяларды эскерип: "Апрель элдик революциясы ташка тамга баскандай, өлкө тарыхында эч качан унутулбайт. Мына ошол элдин эркиндигин, бакубат жашоосу үчүн жанын берип, шейит кеткендерди, жана тарыхта калган бул күндүн маанисин кийинки муундарга жеткирүүбүз керек. Качан гана бийлик элге кызмат кылганда Апрель окуясынын шейиттеринин арбагы ыраазы болот”, – деп кошумчалады.

Мындан сырткары, Төрага каргашалуу күндө өз элине ок аткан бийликтен тайманбай, ошол жерде жүргөн атуулдардын эрдигин жогору баалап, өлкөдөгү саясый туруктуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуудагы сиңирген эмгеги жана жарандык бекем позициясы үчүн аларга Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Апрель элдик революциясынын баатырларынын бири Талантбек Давлетбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы катары шейит кеткен баатырларга таазим кылып, Апрель элдик рефолюциясында жаракат алгандарга көңүл бургандыгы үчүн сыйлангандардын атынан Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылыгын айтты. Мындан сырткары, Апрель баатырлары өлкөдө коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлүп жатканын белгилеп, мамлекет башчысы, парламент жана өкмөт бул күрөштү аягына чейин чыгарат деген бекем ишенимдерин билдиришти.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган Апрель элдик революциясынын баатырлары: Муратбек Мамбетов, Асанбек Жунушалиев, Дүйшөнбек Кожокеев, Талантбек Давлетбеков, Муктарбек Алымкулов, Алияр Молдобаев.

Пикир

Оставить комментарий