• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумабеков Кара-Кулжа районундагы айылдык кеңештердин төрагаларын кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 26-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы айылдык кеңештин төрагалары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда райондогу бир катар социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп, айыл элинин маселелери талкууланды.

Алсак, Кара-Кулжа району тоолуу аймактардын катарына кирерин белгилеген райондогу он эки айылдык кеңештин төрагалары Дастанбек Жумабековго электр энергиясына берилүүчү жеңилдиктин көлөмүн 700 кВт/сааттан 1000 кВт/саатка чейин көтөрүү зарылчылыгын маалымдашты. Андан тышкары, Кашка-Жол айылдык кеңешинин төрагасы райондо жерлерди трансформациялоо маселеси курч болуп жаткандыгына токтолуп: “Бул көйгөй чечилсе, көптөгөн мекендештерибиз жер которуп, мигрант болуп кетүүдөн баш тартышаар эле”, – деди.

Ошондой эле жолугушууда суу, жол, көпүрө өңдүү көйгөйлөр да көтөрүлүп, аны чечүү жолдору айтылды.

Айылдардын жашоо-шартты жакшыртуу аркылуу өлкөнүн экономикасын өнүктүрө алабыз деген Төрага Дастанбек Жумабеков: “Мамлекет башчыбыздын демилгеси менен быйыл аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалууда. Андыктан, айыл менен шаарлардын ортосундагы айырмачылыкты азайтып, ал жактагы инфраструктураларды жакшыртууга аракет кылышыбыз керек. Сиздер жергиликтүү кеңештин депутаттары катары көйгөйлөрдү жана аны чечүү жолдорун жакшы билесиздер. Ага ылайык, биз тыгыз кызматташып, эриш-аркак иш алып барабыз деген ишеничтемин”,– деди.

Муну менен катар Төрага өлкөдө жана парламентте жасалып жаткан иштер тууралуу учкай маалымат берип, жүргүзүлүп жаткан реформаларды кеп кылды.

Белгилей кетсек, аталган жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Эмиль Токтошев катышты.

Пикир

Оставить комментарий