• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумабеков Каракол шаарындагы “Ала-Тоо-Сүт” кооперативдик ишканасына барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.02.18. /Кабар/. Кечээ, 19-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Каракол шаарындагы “Ала-Тоо-Сүт” кооперативдик ишканасына барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган кооперативдик ишкана 2012-жылы ачылган. Азыркыга чейин жакынкы төрт райондун 90дон ашуун айылынын тургундарынан сүт кабыл алып, ички рынок үчүн зарыл болгон азыктарды өндүрөт. Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев белгилегендей, ишкананын кубаттуулугун дагы да арттыруу үчүн инвестициялык колдоо зарыл.

Төрага Дастанбек Жумабеков кооперативдик ишканалар аймактарда жаңы жумушчу орундарын түзүүгө көмөкчү болорун билдирип: “Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, суроо-талапка ээ айыл чарба азыктарын өндүрүүнү өнүктүрүшүбүз керек. Айрыкча кооперативдик ишканаларга инвестиция издеп, колдоого алуубуз кажет. Ысык-Көл облусу таза экологиялык азыктардын мекени катары таанылышы шарт”, – деди.

Пикир

Оставить комментарий