• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумабеков Казакстан Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Түркияда өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын III жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстан Республикасынын Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Төрага Дастанбек Жумабеков эки боордош элдин калыптанган тарыхый достук маселеси татыктуу улантылып жатканын терең канааттануу менен белгиледи.

“Эки элдин келечеги үчүн Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүбүз кажет. Биз достук жана боордоштук мамиленин негизинде калыптанган кыргыз-казак байланыштарын чыңдоого жана кеңейтүүгө өз салымыбызды кошо алабыз. КМШ, ЖККУ Парламенттик Ассамблеяларынын алкагындагы, андан тышкары ТүркПА өңдүү бир катар парламенттер аралык уюмдардын деңгээлиндеги өз ара тыгыз байланыштарды колдоп келебиз”, – деп кошумчалады Төрага Дастанбек Жумабеков.

Өз кезегинде Казакстан Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин таанышканына жана бир катар актуалдуу маселелерди талкуулоого түзүлгөн мүмкүнчүлүк үчүн кубанганын билдирди.

“Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан менен болгон өз ара байланышка өзгөчө маани берет. Ал эми биз калыптанган бардык багыттагы кызматташтыкты улантуубуз кажет. КМШ алкагында да биз өтө жакын өлкөбүз. Эки өлкөнүн жарым миллиард долларды түзгөн соода-экономикалык жүгүртүүсүнүн көлөмүн 2020-жылга карата бир миллиард долларга чейин жеткирүүбүз зарыл”, – деди Нурлан Нигматулин.

Андан тышкары, жолугушууда 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстан менен Казакстандын парламенттер аралык кеңешинин экинчи жыйынын Бишкек шаарында өткөрүү маселеси да талкууланды. Ошондой эле тараптар парламенттеги тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун ортосундагы кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүгө чакырык жасашты.

Жолугушуунун соңунда Мажилис Төрагасы Нурлан Нигматулин Жогору Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековду парламент чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы байланыштарды бекемдөө максатында расмий иш сапар менен Казакстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий