• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумабеков КР аялдарынын улуттук форумуна катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 6-мартта Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңеште өткөрүлүп жаткан “Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квота” аттуу Кыргызстан аялдарынын улуттук форумуна катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө Төраганын форумдагы сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу депутаттар айымдар!

Сиздерди алгач келе жаткан 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Уюткулуу улуу элибиздин тарыхына көз чаптырганыбызда аялзаты өмүрдүн туткасы, жашоонун жарыгы катары сыпатталат. Айрыкча көчмөн турмушта жашаган бабаларыбыз ак өргөсүнүн төрүнө конокторун олтургузуп меймандостугун даңазаласа, сол капшытын эркекке берип, оң капшытын аздектеп аялга ыйгарган. Энелерге көч баштатып, кызды босогого олтургузган эмес. Аялды алдына да, артына да калтырбастан, жанында жан шериги катары алып жүргөн. Ошондон улам, кыргызда Каныкейдей көсөм, Айчүрөктөй сулуу, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзадай баатыр энелер арбын чыккан. Ал эми Алай Ханышасы аттыккан Курманжан энебизди бир үй-бүлөнүн түйшүгүн гана көтөрбөй, бүткүл кыргыз элинин келечеги үчүн күрөшкөн акылмандыгы менен тааныйбыз.

Коммунизмге багыт алган Совет доорунда да жаңы замандын жарчысы болгон Уркуя, Зууракан, Керимбүбү, Самара, Бүбүсара, Таттыбүбү, Бакен, Сайра, Күлүйпа сыяктуу энелерибиз ар тармактагы жетишкен ийгиликтери аркылуу кыргыз элинин экономикасы менен маданиятын бийик деңгээлге көтөрүшкөн.

Кымбаттуу мекендештер!

Эгемендүүлүк жылдары жаңы мамлекетибиздин түптөлүшүндө да кыргыз кыз-келиндери опол тоодой салым кошуп, жаркын келечегибиздин башатында турушту. Өлкөбүз эгемендүүлүк алган 27 жыл аралыгында ар түрдүү окуялар арбын болду. Эки жолу бийлик күч менен алмаштырылып, акыйкат үчүн элибиз окко да төшүн тосту. Миңдей жарандарыбыз жаракат алып, жүздөй мекендешибиз каза тапты. Анда да бардык кыл чайнашкан кыйын учур энелердин жүрөгү менен өтүп, алардын жүлүнүн сыздатты. Ак жоолугун булгалаган апалар да адилеттик издеп Ала-Тоо аянтында жүрүштү. Акыр аягы элдин мүдөөсү жеңип, мамлекетибизде туруктуулук орноду. Орто Азия чөлкөмүнөн алгач ирет Кыргызстанда айым президент тандалды.

Парламентте да айым депутаттардын саны көбөйүп, жогорку министрлик кызматтарды аялдардын аркалап жатышы демократиялык багытыбыздагы башкы жетишкендигибиз деп билем. Айрыкча алардын социалдык маселелерди арбын көтөрүп, энелик жүрөгү жана мээрими менен эл көйгөйүн ыкчам чечкендигин көп байкайм. Ал эми Өкмөттү алсак, бир вице-министрлик жана эки министрлик кызматтарды эжелерибиз аркалап келет. Ошондой эле бийликтин бир бутагы саналган Жогорку сотту да төрайым башкарып, Прокуратура жана Борбордук шайлоо комиссиясынын башында да ардактуу айымдар олтурат.

Кымбаттуу энелер, эжелер жана карындаштар!

Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!

Аялзат бир үйдүн гана кубанычы эмес, жалпы улутту бакытка бөлөгөн, көөнөрбөс табериксиздер. Өлкө келечегин жаратып, улуттун учугун улаган кадырман энесиздер. Сиздердеги аруулук, сабырдуулук жана кажыбас кайрат калкыбызга дем-күч берип, баарыбызды жаркын үмүткө чулгайт. Силерге гана таандык делген сулуулук дүйнөгө көрк берип, чексиз сүйүүгө толгон жүрөгүӊүздөр ааламды жакшылыкка үндөйт.

Бар болуӊуздар! Ден-соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм! Турмушуӊуздар бүлүнбөсүн, ырыскыӊар төгүлбөсүн, жамандык көрбөй, жакындарыӊар менен бирге бактылуу өмүр сүргүлө. Силер ага татыктуусуздар!”

Белгилей кетсек, аталган форумга республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашуун жергиликтүү кеңештин аял депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Өкмөт менен бир катар коомдук-бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Жыйында бойго жетпеген өспүрүмдөр арасындагы никеге тыюу салуу жана айылдык кеңештерде мандаттардын 30%ын аялдар үчүн резервге калтыруу аялдар маселелери талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий