• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков: Кыргыз эли "Манас" эпосунун ээси, сактоочусу жана улантуучусу болуп саналат

Маданият 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. Кыргыз эли "Манас" эпосунун ээси, сактоочусу жана улантуучусу болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков улуу эпосунун күнүнө карата ""Манас" – кыргыз рухунун туу чокусу" деген илимий-практикалык конференция айтты.

Ошондой эле, бул иш-чара залкар манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына, Шаабай Азизовдун 90 жылдыгына да арналды.

Конференцияга төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар менен манастаануучу адистер катышып жатат.

"Манас" - кыргыз рухунун туу чокусу» темасындагы илимий-практикалык конференция төрага Дастанбек Жумабековдун кириш сөзү менен ачылып, ал өз сөзүндө "Манас" эпосу – кыргыз элинин туу туткан руханий азыгы, идеологиялык багыт берген жол көрсөткүчү экенин, кыргыз эли улут катары калыптанууда анын тили сыяктуу эле зор рухий мааниге ээ болгон "Манас" эпосунун ээси, сактоочусу жана улантуучусу болуп санала турганын баса белгиледи".

Эмесе, төмөндө Дастанбек Жумабековдун сүйлөгөн сөзүнүн толук текстин окурман назарына салабыз.

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу Айкөл Манастын урпактары!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан улуттук улуу мурасыбыз, руханий казынабыз "Манас" эпосунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз эли дүйнө жүзү суктанаарлык зор байлыкка ээ. Албетте, ал укумдан-тукумга, атадан-балага, муундан-муунга сөз берметтерин куюлуштуруп айтылып келе жаткан улуу “Манас” эпосу. Ар бир элдин карт тарыхы, узак өтмүшү бар. Бирок тээ байыртадан берки жашоо-турмушун бийик көркөмдүк менен ыр саптарынашурудай тизип, океандай болгон бир дастанга сыйдырылган тарых дүйнөдө жок. Ошол үчүн “Манас” эпосу – кыргыз элинин туу туткан руханий азыгы, идеологиялык багыт берген жол көрсөткүчү. Дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов атабыз да "Манас" эпосун руханий байлыгыбыздын туу чокусу деп таасын белгилеген.

“Манас” эпосу байыркы гректердин жана индиялыктардын дүйнөгө таанымал эпосторуна караганда алда канча чоң көлөмдө экенин айтуу бүгүнкү күндө жаңылык деле эмес. Миң жылдык тарыхка ээ эпостун ичинде 600дөн ашуун адам ысымы, 800гө чукул географиялык аталыштар камтылганы, дүйнөнү чар тарабында Манас аттуу жер-суулардын бар экендиги дастандын улуулугунун дагы бир далили.

Мына ошол улуу казынаны муундан-муунга жеткирүүдө, кеп кеменгери, сөз чебери саналган дастанчы, манасчылардын салымы чоң. Алар учу-кыйырына көз жетпеген улуу дүйнөнү көкүрөгү менен туюп, көөдөнүндө аздектеп, көркөм сөз менен көпчүлүккө жеткиришкен. Ырамандын ырчы уулу тарабынан алгач ирет айтылган дастан, жүздөгөн манасчылардын айтуусунда өнүгүп, өсүп олтурган. Айрыкча, Сагымбай жана Саякбай өңдүү улуу кеп кеменгерлери “Манастын” маанисин арттырып, улуулугун даңазалашкан.

"Манас" эпосунун үчилтигиЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча репрезентативдик тизмесине Кыргызстандын атынан катталган. Ал эми Жогорку Кеңеш өз маалында кыргыз элинин улуу табериги катары дүйнөлүк маданий мурастын көөнөрбөс кенчине кирген, адамзаттын алтын казынасынан орун алган "Манас" эпосун сактоо, коргоо, колдоо, асыроо жана андан ары өркүндөтүү максатында “Манас эпосу жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Анткени кыргыз эли улут катары калыптанууда анын тили сыяктуу эле зор рухий мааниге ээ болгон "Манас эпосунун ээси, сактоочусу жана улантуучусу болуп эсептелет. Тагыраагы, "Манас" эпосун асыроо жана аны андан ары өркүндөтүү ар бирибиздин ыйык парзыбыз.

Азыркы ааламдашуу доорунда туризм тармагын өнүктүрүү аркылуу өнүгүүнү көздөгөн өлкөбүз үчүн Айкөл баатыр бабабыз турак кылган касиеттүү Талас жергеси да өтө маанилүү. Себеби, аталган облустагы “Манас-Ордо” комплекси улуу дастандын уюткулуу ордосуна айланып, көпчүлүк кызыккан жай катары кызмат кылары шексиз. Ага ылайык, бул жаатта да тиешелүү иштерди жасоо башкы милдеттерден болуп саналат.

Улуу дастаны бар кыргыз эли жер шарында түбөлүк жашайт деген бекем ишеничтемин! "Манас" эпосу ак калпак кийип, кыргыз тилинде сүйлөгөндөрдүн сыймыгы. Манасты ар бир кыргызмын деген жаран билиши керек. Манастын руху өчпөй, урпактарына жете берсин!

Сиздерди дагы бир ирет бабалардын баскан жолун унутпоого чакырган ушул улуу күн менен куттуктайм! Дагы бир жолу «Манас» күнүңүздөр кут болсун!

Пикир

Оставить комментарий