• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жумабеков: Кыргыз тарап түрк тилдүү өлкөлөр менен болгон экономикалык кызматташтыкка өзгөчө басым жасайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеӊешинин (ТӨКК) Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды.

Төрага Дастанбек Жумабеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеӊешин түзүү тууралуу Нахчиван келишиминин кабыл алынгандыгынын 10 жылдыгынын алкагында жолугушуп жатканына кубанганын билдирип, кеңештин Башкы катчысы Багдад Амреевдин жемиштүү ишмердүүлүгүн баса белгиледи.

“Кыргыз тарап түрк тилдүү өлкөлөр менен болгон экономикалык кызматташтыкка өзгөчө басым жасап келет. Биргелешкен ар кандай долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга багытталган экономикалык мүмкүнчүлүктөрүбүздүн өнүгүп жатышы биз үчүн өтө маанилүү. Кыргызстан өз кезегинде бардык чет элдик, анын ичинен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеӊешине мүчө мамлекеттерден келген инвесторлорго көмөк көрсөтүп, каалаган багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруусуна керектүү шарттарды түзүүдө”,– деди төрага Дастанбек Жумабеков.

Буга кошумча төрага Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеӊешине мүчө мамлекеттердин ортосундагы тыгыз экономикалык интеграция улуттук өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөр үчүн ири базарды жаратып, экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болоруна токтолду. Андан тышкары, Өзбекстандын аталган Кеңешке толук мүчө болушу жана Будапештте (Венгрия) бирикменин өкүлчүлүгүнүн ачылышы жакшы жаңылык экенин белгиледи.

Өз кезегинде Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеӊешинин (ТӨКК) Башкы катчысы Багдад Амреев жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, Кеңештин акыркы жылдардагы жетишкендиктери жана Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берди.

“Түрк дүйнөсү түбөлүк жашай берет. Биздин башкы максатыбыз түрк тилдүү элдерди жакындатып, кызматташтыгын арттыруу. Ага ылайык, жасалып жаткан иштерге Кыргызстандын жигердүү катышып жатканына кубанычтабыз”, – деди Багдад Амреев.

Ал эми төрага Дастанбек Жумабеков Кеңештин ишине ийгиликтерди каалап, мындан ары да алгылыктуу долбоорлорду ишке ашыра берерине үмүт артаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий