• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков: Кыргызстан Азербайжан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Азербайжандын Улуттук Мажлисинин (парламентинин) төрагасынын милдетин аткаруучу Октай Асадов менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык алакаларды арттыруу маселелери көтөрүлдү.

Кыргызстан боордош Азербайжан мамлекети менен бардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеген төрага Дастанбек Жумабеков: "Тарыхы окшош эки элди бир туугандык жана көп жылдык достук мамиле бириктирип турат. Андыктан, эки өлкөнүн парламенттери ар тараптуу алакалардын кеңейишине көмөк көрсөтүү менен кызматташтыкты бекемдөөгө басым жасашыбыз керек", - деди.

Ошондой эле төрага Дастанбек Жумабеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Бакуда уюштурулган отурумдары жемиштүү жыйынтыкталарына ишеним артаарын билдирип, Азербайжанда жакында боло турган парламенттик шайлоонун да ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Өз кезегинде Азербайжандын Улуттук Мажлисинин төрагасынын милдетин аткаруучу Октай Асадов мындай эки тараптуу жолугушуулар байланыштардын кеӊейишине өбөлгө болорун белгилеп: “Парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында эки мамлекеттин соода-экономикалык алакаларына жана башка багыттагы байланыштарына тиешелүү укуктук-ченемдик актыларды шайкеш келтирүү менен ар тараптуу алакаларды арттыруубуз керек", - деди.

Мындан тышкары жолугушууда эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштарды бекемдөө, анын ичинен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгын жигердүү улантуу тууралуу сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий