• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков: Кыргызстан Катар менен болгон достук мамилеге өзгөчө маани берет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүн башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө ишеним артарын кошумчалады.

Ошондой эле Төрага Кыргызстан Катар менен болгон достук мамилеге өзгөчө маани берерин белгилеп, ар тараптуу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыктын алкагындагы байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Андан тышкары, Жогорку Кеңеште Катар мамлекети менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобу иш алып барарын да маалымдады.

Ал эми соода-экономикалык алакаларга токтолгон Дастанбек Жумабеков эки өлкө ортосундагы түз авиакаттамдын ачылышын колдой тургандыгын айтып, аталган маселе Жогорку Кеңеште каралганын кошумчалады. Түз авиакаттамдын ачылышы туризмди өнүктүрүүгө, эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана кыргыз экономикасына катар инвестициясынын келүүсүнө өбөлгө болорун билдирди.

Өз кезегинде Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Бин Ахмед Аль-Сулайти жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрагага ыраазычылык билдирип, инвестиция тартуу жаатындагы пландары менен бөлүштү. Ошондой эле элчи жакынкы аралыкта Катар мамлекетинин жетекчилиги Кыргызстанга расмий иш сапар менен келүүнү пландап жатканын айтып, анын алкагында бир катар узак мөөнөттүү инвестициялык долбоорлор талкууланарын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков элчиге ийгиликтерди каалап, андан Катардын Аш-Шура Межлисининин (парламент) Төрагасын Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыруусун өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий