• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жумабеков: Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатабыз

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын Түркия Республикасына болгон расмий сапары бир катар жолугушуулар менен уланууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Д. Жумабеков 15-июль күнүа Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу жолугушууларду өткөрдү. Анда Кыргызстан-Түркия достук алакаларын бекемдөө тууралуу сөз болду.

Андан сырткары, Стамбул шаарында төрага Д. Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен парламенттер аралык кызматташуу маселелери боюнча кеңири форматта сүйлөшүү өткөрдү.

Жолугушууларда кыргыз тарап Түркия менен соода-сатык байланыштарын өнүктүрүү, Түркияга айыл-чарба өнүмдөрүн, айрыкча эт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү, инвестиция жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери козголду.

“Буга чейин Кыргызстан менен Түркия жогорку деңгээлдеги жолугушууларда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн 1 млрд долларга чейин жеткирүү максатын койгон. 2018-жылы товар жүгүртүү көрсөткүчтөрү 394,5 миллион долларды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 10,8% ашкан. Бирок, эки өлкөнүн парламенттери соода-сатык байланыштарыбызды мындан дагы ыкчам темпте өнүктүрүүгө өзүбүздүн салымыбызды кошушубуз керек. Бул маселени мен, урматтуу президент Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушканда да баса белгиледим”, - деди Төрага Д. Жумабеков.

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп өз кезегинде кыргыз парламенттик делегациясына расмий сапардын алкагында Түркиядагы “15-июлдун курмандыктарын эскерүү” иш-чарасына катышканы үчүн ыраазылык билдирди.

“Кыргызстандык бир туугандардын колдоосуна терең ыраазычылык билдиребиз. Ал эми сиздер көтөргөн экономикалык, маданий-гуманитардык маселелер жакында кыргыз-түрк өкмөттөр аралык атайын комиссиянын отурумунда кеңири талкууланат. Мен, түрк парламентинин жетекчиси катары бул маселелерге көңүл бурам. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы байланыштар жакшы деңгээлде өнүгүп жатат”, – деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын Түркия Республикасына расмий сапары 15-июлдан 18-июлга чейин уланмакчы. Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.

Пикир

Оставить комментарий