• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумабеков Латвиянын улуттук китепканасына "Манас" эпосунун жыйнагын тартуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Латвия Республикасынын улуттук китепканасына "Манас" эпосунун жыйнагын белек кылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Рига шаарындагы жайгашкан улуттук китепканада дүйнөнүн дээрлик баардык өлкөлөрүнөн чогултулган эки миллиондон ашык китеп сакталат.

Төрага Дастанбек Жумабеков китепкананын жамааты менен болгон жолугушууда: "Биз кыргыз жеринен Латвия окурмандарынын руханий байлыгын арттыра турган баалуу белек ала келдик. "Манас" эпосу – кыргыз элинин баа жеткис мурасы, сыймыгы жана тарыхы. Бул байыртадан бери ооздон-оозго өтүп сакталып калган чыгарма сиздердин китепкананын фондун байытып, китеп сүйүүчүлөрүнүн кызыгуусун туудурат деп ойлойм", - деген.

Латвия улуттук китепканасынын аткаруучу директору Дзинтра Мукане төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирүү менен бирге Латвия окурмандары кыргыз адабиятын ар дайым жогору баалай турганын белгилеген.

"Манас" эпосунан сырткары биздин китепканада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары да көп окулат. Айрыкча жаштар кыргыз элинин кулк-мүнөзүн, салт-санаасын жана маданиятын Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла", "Биринчи мугалим", "Ак кеме", "Гүлсарат" сыяктуу чыгармалары аркылуу жакшы билишет", - деди ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Латвия жана Литва Республикаларына расмий иш сапар менен барган. Делегациянын курамында ЖК депутаттары А. Шыкмаматов, Д. Исаева, Г. Асылбаева, Ө. Бакиров, Ж. Исаев, Б. Субанбеков жана Кыргыз Республикасынын Беларустагы элчиси Э.Ибраимов да бар.

Пикир

Оставить комментарий