• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жумабеков мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга майыптар арабасын тапшырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 21-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар Эрнис менен Айсулуу Ырсалиевдердин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүп, Бахтияр уулу Адилетке майыптар арабасын белекке берди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач үч кичинекей балдары бар Эрнис Ырсалиевдин үйүнө барып, алардын абалынан кабар алды. Жакыр турмушта жашаган алар, медициналык жардамга муктаж экендиктерин айтышты. Төрага аталган үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүп, балдарына кыргыз эл жомокторун камтыган китептерди белекке берди.

Андан соӊ, Төрага Дастанбек Жумабеков жергиликтүү тургун Бахтияр уулу Адилетке да жолугуп, ага майыптар арабасын белек кылды. Белгилей кетсек, Адилет Төрагага "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Батыралиев аркылуу кайрылган.

Адилетке бекем ден-соолук, сабыр тилеген Төрага "Ар бирибиздин жашообузда ар түрдүү кыйынчылыктар болот. Сиз кайгырбаӊыз, биз дайыма колдоп турууга даярбыз", - деди.

Пикир

Оставить комментарий