• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жумабеков менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Йылдырым жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. 20-ноябрда Түркияда өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын жыйындарынын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары менен Төрага Бинали Йылдырым баштаган Түркия Улуу Улуттук Жыйынын депутаттары ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарынын учурдагы абалы жана парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстан Түркия үчүн бир тууган мамлекет жана негизги стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп: "Эки өлкө ортосунда кызматташтыктын жаӊы барагы ачылды. Мындан ары да калыптанган байланыштарды арттырып, ар тараптуу алакаларды кеӊейтебиз", - деди.

Өз кезегинде Төрага Дастанбек Жумабеков жылуу кабыл алгандыгы жана ТүркПАнын жыйындарын жогорку деӊгээлде өткөрүп жаткандыгы үчүн Түркия Улуу Улуттук Жыйынын Төрагасы Бинали Йылдырымга ыраазычылык билдирип: "Кыргызстан Түркия менен болгон ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар. Ага ылайык Президенттерибиз да боордоштук мамилени артырууга өзгөчө көӊүл буруп, аны өнүктүрүүнү көздөөдө. Парламенттер дагы байланыштарды чыӊдоого багытталган аракеттерди колдоого алып, депутаттардын бири-бири менен тыгыз иш алып баруусун камсыздообуз кажет. Айрыкча, депутаттык достук топторунун жана эл аралык уюмдардын алкагындагы алаканы арттырышыбыз керек", - деди.

Ошондой эле, эки мамлекет ортосундагы соода-сатык маселесине да токтолгон Төрага, эки тараптуу кызыкчылыкка шайкеш келген кызматташтыкты бекемдеп, соода-сатыктын көлөмүн 1 млрд. АКШ долларына чейин көтөрүү зарылчылыгын кошумчалады. Буга мисал катары айыл чарба тармагындагы байланышты кеӊейтүү керектигин белгилеп, Түркияга Кыргызстандан эт азыктарын ташуу маселесин көтөрдү. Андан тышкары, төө бурчак ташуу жаатындагы көйгөйлөрдү кеп кылган Төрага Дастанбек Жумабеков, Түркия парламентинен бажы төлөмдөрүнө байланышкан маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Жолугушууда инвестиция жаатында байланышты бекемдөө менен кызматтыштыкты кеӊейтүү маселеси да айтылды. Ошондой эле Төрага Дастанбек Жумабеков Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырымды Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеӊештин депутаттары Салайдин Айдаров, Калдарбек Баймуратов, Абылкайыр Узакбаев, Садык Шер-Нияз, Искендер Матраимов жана Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов катышты.

Пикир

Оставить комментарий