• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жумабеков менен Тажикстандын Жогорку жыйынынын өкүлдөр палатасынын төрагасы чек ара маселесин талкуулашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумунун алкагында Тажикстан Республикасынын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Шукуржон Зухуров менен жолугушту.

Эки мамлекет ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган олуттуу маселелер боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүгүнө кубанып жатканын айткан Төрага Дастанбек Жумабеков, Кыргызстан Тажикстан менен болгон ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

“Кыргыз-тажик парламенттеринин эң башкы милдеттеринин бири – тарыхый байланышы терең эки элдин бабалардан калган достук мамилесин бекемдөө болуп саналат. Анткени парламенттер аралык кызматташтык конструктивдүү байланышты жана тажрыйба алмашууну гана көздөбөстөн, элдерибиз ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн деңгээлин көтөрүүгө да багытталган”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков. Муну менен катар парламент өкүлдөрүнүн жолугушуусу жана эки тараптуу иш сапарлардын уюштурулушу зарыл экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Тажикстан Республикасынын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Шукуржон Зухуров быйылкы жылы эл аралык иш-чаралардын алкагында өткөн бир катар жолугушууларда коңшулук жана өз ара кызматташтыкка тиешелүү көптөгөн маселелер талкуулангандыгын эске салып, мындай тажрыйбаны арттыруу зарылчылыгына токтолду.

“Тарыхый миссияны улантууну талап кылган кыргыз-тажик жакын коңшулук мамилеси тууралуу эскербей кете албайм” – деген Шукуржон Зухуров, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган чек ара маселесин тездетип чечүү керектигин белгиледи.

Ал эми чек ара маселеси тууралуу сөз кылган Төрага Дастанбек Жумабеков ушул жылдын 26-июлунда алгач ирет кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында эки өлкө башчыларынын жолугушуусу өткөнүн эске салды. Ошондой эле Төрага эки мамлекеттин Өкмөттүк комиссияларынын жумушчу тобунун жолугушуусу тактала элек тилкелер боюнча өз ара бирдиктүү пикирге жетишүүгө өбөлгө болоруна ишенерин билдирип, тыгыз сүйлөшүүлөр кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жараяндарын тездетүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.

Парламент Төрагалары баарлашуу соңунда мамлекеттик чек аралардын такталышы кызматташтыктын келечеги үчүн керектүү болоруна жана ошондой эле чек аралардагы коопсуздукту, жалпы эле Орто Азия чөлкөмүндөгү туруктуулукту камсыздоодо маанилүү экенине токтолушту.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова, Урмат Самаев, Алмаз Жутанов жана Нодирбек Каримов катышты.

Пикир

Оставить комментарий