• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жумабеков: Нооруз майрамынын миӊдеген жылдарды карыткан салты бар

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.03.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Анда мындай деп айтылат;

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Ар жылы 21-мартта белгиленүүчү куттуу Нооруз майрамынын миӊдеген жылдарды карыткан салты бар. Борбордук Азияда, анын ичинде биздин элибизде бул майрам кычыраган кыш өтүп, күн менен түн теӊелип, жаратылышка жан киргизген жаздын келишин билдирген, өзгөчө шаани менен өткөрүлүп жүргөн элдик майрам болуп саналат. Байыртадан ата-бабаларыбыз ушул күнү үй-жайын иретке келтирип тазалап, «Жер жарылып чөп чык, желин жарылып сүт чык» деп токчулукту ниет кылып, бири бирине каалоо-тилектерин айтып, ар бир үйгө ырыскы, токчулук, ырашкерлик келсин деп тилек кылган. Ушул күнү жаӊы тилектердин, жаӊы мүдөөлөрдүн кабыл болушун, жаманчылык кетип, жакшылыктын орношун самап, ата-бабаларыбыз Ноорузду жаздын келиши гана эмес, жаӊы күндүн, жаӊы доордун башталышы деп билген. Ошондой эле жер-жерлерге кош чыгып, талаа иштери жүрүп, эртеӊки түшүмдүн камын көрүү башталган.

Пикир

Оставить комментарий