• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жумабеков: Ош шаары келечекте өнүккөн мегаполиске айланышы керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 14-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү кеңештин депутаттары Жогорку Кеңештин Төрагасына аймактагы инфраструктурага байланышкан бир катар көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти. Айрыкча, эл өкүлдөрү миграция, ичүүчү суу көйгөйлөрүн жана калааны айланып өтүүчү жолду куруу маселелерин көтөрүштү.

Алсак, шаардык кеңештин депутаты Жыргалбек Тажибаев Ош шаары Кыргызстандын түштүк борбору катары саналганы менен аталган шаарды айланып өтүүчү жолду куруу маселеси азыркыга чейин чечилбей жатканына токтолду.

“Бул көйгөй көп жылдан бери көтөрүлүп келгенине карабай, чечилбей келет. Ага ылайык, оор жүк ташуучу унаалар шаар ичи аркылуу өткөндүктөн, жол тыгындары көп жаралат”, – деди Жыргалбек Тажибаев.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттары Ош шаарына тиешелүү башка маселелерди да жазуу жүзүндө Төрагага тапшырышты.

Өз кезегинде Дастанбек Жумабеков айтылган маселелердин көбү менен тааныш экенин билдирди. Эске салсак, ал өткөн жылдын декабрь айында Ош шаарында иш сапары менен барган.

Дастанбек Жумабеков мурдагы жолугушуу учурунда түшкөн көпчүлүк кайрылуулар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, Ош шаары келечекте өнүккөн мегаполиске айланышы керектигин кошумчалады.

“Аталган шаары Кыргызстандын бардык аймактарынан, анын ичинде Таластан же Нарындан жаштар бара турган мегаполис болушу зарыл. Алар түштүк борбордогу жогорку окуу жайларында окуп же иштей алышмак. Айрыкча, инвестициялоого муктаж болгон Ош шаарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү арбын”, – деди Төрага.

Андан тышкары, Дастанбек Жумабеков ушул жылдын апрель айында түштүк калаанын инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүүгө арналган Өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусундагы атайын иш-чара уюштуруу сунушун берди.

Пикир

Оставить комментарий