• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жумабеков Сауд Арабиянын Курчаган чөйрө, суу жана айыл чарба министри менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Сауд Арабия Королдугундагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн курчаган чөйрө, суу жана айыл чарба министри Абдулрахман А.Альфадли менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдайт.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы буга чейин макулдашылган келишимдерди ишке ашыруу, анын ичинен товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, соода жарманкесин уюштуруу, туризм, айыл чарба багыттарындагы байланыштарды арттыруу тууралуу сөз болду.

Жумабеков 2019-жыл эки өлкө ортосундагы саясий байланыштар үчүн ийгиликтүү жыл болгонун белгилеп: “Бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын негизинде керектүү келишимдерге кол коюлуп, маанилүү макулдашууларга жетишилди. Мындан ары саясий алакаларды экономикалык кызматташтык аркылуу жигердүү улантуу зарылчылыгы турат. Анткени, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 4 млн АКШ долларын гана түзүүдө. Андыктан, бул жаатта кызматташтыкты кеңейтүү керек”, – деди.

Муну менен катар Кыргызстандын туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеп кылган төрага: “Өткөн жылы Сауд Арабия Королдугунан Кыргызстанга 20 миң турист келген. Түз аба каттамынын ачылышы менен бул сан дагы да көбөйөт деген ишеничтемин”, – деди.

Өз кезегинде курчаган чөйрө, суу жана айыл чарба министри Абдулрахман А.Альфадли Сауд Арабия Королдугу Кыргызстан менен бардык багытта кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирип: “Бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн жолугушууларын уюштуруп, соода жарманкелерин өткөрүп алсак, эки өлкө ортосундагы экономикалык алакалар дагы алдыга жылат. Инвестициялык кызматташтык да колдоого алынып, туристтердин саны да көбөйөт”, – деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, төрага Дастанбек Жумабеков Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-Шейхдин чакыруусу аркылуу Сауд Арабия Королдугуна расмий иш сапары менен барган. Парламенттик делегациянын курамында төраганын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев жана Абдимуктар Маматов бар. Ошондой эле делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев, экономика министринин орун басары Султан Ахматов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий