• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумабеков ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн делегациялары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер, ошондой эле Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссияларынын жыйынына катышып жаткан уюмга мүчө мамлекеттердин делегацияларын кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков ТҮРКПАнын тармактык комиссияларынын Бишкекте өткөрүлүп жаткан жыйындарынын маанилүүлүгүнө токтолуп, иш-чаралардын алкагында уюштурулган түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү да жакшы саамалык экенин баса белгиледи. Ошондой эле Төрага комиссия жыйындарында талкууланган маселелер жана кабыл алынган чечимдер менен жакындан таанышканын маалымдады. “Биздин алдыбызда ТҮРКПАнын алкагында белгиленген пландарды ишке ашыруу тапшырмасы турат. Анын ичинен түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы бардык багыттар боюнча өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрүүбүз зарыл”, – деди Дастанбек Жумабеков.

Мындан тышкары, жакында болуп өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушууларды да эске салган Төрага, ТҮРКПАга мүчө мамлекеттер ортосундагы өз ара байланыштар аркылуу тажрыйба алмашуу маселесине токтолду. “Эл аралык уюмдар, айрыкча ТҮРКПАнын алкагындагы өнөктөштүк алакаларды кеңейтүү менен жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүбүз кажет”, – деп кошумчалады Дастанбек Жумабеков.

ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын төрагасы, Азербайжан Республикасынын Улуттук Мажилисинин депутаты Ахлиман Амирасланов кыргыз тарапка, ТҮРКПАнын жыйынын Бишкек шаарында жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Жыйындын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер каралды, айрым жагдайлар боюнча пикир алмаштык. Арийне, жыйында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу үчүн ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин депутаттарына жоопкерчиликтүү иш жүктөлдү”, – деди Ахлиман Амирасланов.

Ошондой эле ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Реджеп Шекер уюмга мүчө мамлекеттер бир механизм сыяктуу кынтыксыз иштөөсүн камсыздоо үчүн күч жумшоо зарылчылыгын белгиледи. “Көп иш аткарылды, алдыдагы иштер, жолугушуулар тууралуу план түзүлдү, күн тартибибиз бекитилди”, – деди Реджеп Шекер.

Белгилей кетсек, жолугушууга Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынын депутаты Омер Фетхи Гюрер, Мустафа Жанбей, Худа Кая, Азербайжан парламентинин депутаты Севинч Гусейн, Казакстан парламентинин депутутаттары Алия Сапарова жана Динар Нукетаева, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, Жогорку Кеңештин депутаттары Садык Шер-Нияз, Абылкайыр Узакбаевдер катышты.

Пикир

Оставить комментарий