• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков Талас облусунун Ороо айылдык кеӊешинин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ороо айылдык кеӊешинин депутаттары менен жолугушту.

ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү кеӊештин депутаттары региондун инфратүзүмүнө байланыштуу бир катар көйгөйлөрдү тизмектешти. Алардын айтымында, элди баарынан мурда таза суу менен камсыздоо маселеси менен бала бакчанын жоктугу кабатырлантат.

Ошондой эле айылдык кеӊештин депутаттары Тойчубек уулу Жанадил атындагы мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү зарылдыгын билдиришти. Аталган мектеп акыркы жолу 14 жыл мурун ремонттолуп, мектептин полу менен чатыры жаӊыланган. Эми минтип кайрадан ремонтко муктаж болуп отурат. Эл өкүлдөрү Жогорку Кеӊештин Төрагасына 375 орунга эсептелген Ж.Айтбаев атындагы мектептин курулушун аягына чыгаруу керектигине токтолушту. Мектептин пайдубалы менен биринчи кабатынын дубалы тургузулуп, каржылоо жоктугунан курулуш иштери токтоп калган.

Мындан сырткары, Ороо айылдык кеӊешинин өкүлдөрү Жогорку Кеӊеш Төрагасынан Боо-Терек – 1-май – Бакыян жолун оӊдоп-түзөө маселесин чечип берүүнү өтүнүштү. Айылдык кеӊештин депутаттары Бакай-Ата районундагы кендерди иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдап, Төраганы көзөмөлгө алып берүүсүн суранышты.

Өз кезегинде Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жергиликтүү кеӊештин өкүлдөрү тарабынан айтылган маселелердин көпчүлүгүнөн кабары бар экенин айтты. «Мындай көйгөйлөр өлкөнүн дээрлик баардык региондорунда бар. Азыркы тапта алардын чечилишине каражаттар изделип жаткандыктан, көйгөйлөрдүн көпчүлүгү каражат табылгандан кийин күн тартибинен алынат. Ошол эле маалда сиздерди дагы белгиленген долбоорлорду жүзөгө ашырууга жигердүү катышууга чакырар элем. Коомдук ишмерлердин активдүүлүгүнөн дагы көп нерселер көз каранды»,- дейт Дастанбек Жумабеков.

Мындан сырткары, Жогорку Кеӊештин Төрагасы аймактардын жакшы жашоо-турмушу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүшү зарылдыгын, тагыраак айтканда, сапаттуу жолдорду, ооруканаларды, мектептерди куруп, бала бакчаларды, ишканаларды ачуу керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий