• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 8-декабрь - Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, Төраганын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

"Урматтуу телерадио кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Технологиялык жаңылануулар маалында маалымат алмашуунун тездик менен өнүгүп жатышы мамлекет ичиндеги баардык өзгөрүүлөргө таасир берет. Айрыкча жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук пикирди бийлик өкүлдөрүнө жеткирүүдө өзгөчө ролду ойноо менен бирге көпүрөлүк милдетти аткарат.

Ааламдашуу доорунда интернеттин камтыган аймагы жогорулаганы менен телерадионун күчү мурдагыдай болгону талашсыз. Өзгөчө, парламенттик-демократиялык багытты тандап алган Кыргызстандын калкы үчүн телерадионун таасири өтө күчтүү.

Ошондон улам жалпыга маалымдоо каражаттарынын көч башы саналган телерадио кызматкерлеринин алдына калкка ыкчам, так жана калыс маалымат жеткирүү боюнча жооптуу милдеттер, заманбап талаптар коюлууда. Биз, парламент өкүлдөрү, сиздердин мезгил менен тең кадам таштоо аракетиңиздерди ар дайым колдойбуз жана мындан ары дагы кубаттоого даярбыз.

Ардактуу телерадио тармагынын ардагерлери жана учурдагы кызматкерлери!

Мындан ары да мамлекеттик бийлик бутактарынын, анын ичинде кыргыз парламентинин ишин ырааттуу жана объективдүү чагылдыруу аркылуу алардын иши тууралуу ыкчам маалыматтарды калктын калың катмарына жеткирип, эл менен бийликтин байланышын чыңдап, данакерлик милдетиӊиздерди татыктуу улантасыздар деген ишеничтемин.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыӊыздар менен куттуктап, телерадио тармагында талыкпай эмгектене берүүңүздөргө тилектешмин! Ишиӊиздерге ийгилик жана чыгармачылык эргүү каалайм!"

Пикир

Оставить комментарий