• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков УКМК кызматкерлерине жаӊы батирлердин ачкычын тапшырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.12.18. /Кабар/. Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн Каракол шаарында курулган көп кабаттуу үйдү пайдаланууга берүү салтанатына катышты.

Жаӊы турак-жайга ээ болгон УКМК кызматкерлери менен алардын үй-бүлөлөрүн куттуктаган Төрага Дастанбек Жумабеков: "Бүгүнкү салтанаттуу иш-чара баарыбыз үчүн өтө маанилүү. Анткени, мурда турак-жайга муктаж кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үйлөр Бишкек шаарында гана курулуп келсе, акыркы жылдары аймактарда салына баштады. Айрыкча, Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылында мамлекет тарабынан алыскы райондордогу жашоо-турмушту жакшыртууга өзгөчө көӊүл бурулууда. Баарыбыз билгендей, УКМКнын кызматкерлеринин иши талыкпас эмгекти талап кылган, кооптуу иш. Бирок, алардын эр жүрөктүүлүгүнүн жана сабырдуулугунун арты менен биз кыргызстандыктар туруктуулукта жана тынчтыкта жашап жатабыз. Мындан ары да эл аралык терроризмге, радикализмге, экстремизм жана баңгизат трафигине каршы күрөш ырааттуу жүргүзүлүп, мамлекетибиз өнүгө берет деген үмүттөбүз. Ошондой эле, күч түзүмдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер менен дарыгерлер үчүн көп кабаттуу үйлөрдүү куруу салты улантылышы керек" - деди.

Салтанаттын алкагында Төрага УКМК кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырып, балдар аянтчасынын курулушу үчүн 100 миӊ сом акча каражатынын сертификатын берди.

Пикир

Оставить комментарий