• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жумабеков Өзбекстан менен Түркмөнстан ТүркПАнын толук кандуу мүчөсү болот деп ишенет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков кийинки түрк тилдүү өлкөлөрдүн Ассамблеясынын жыйынында Өзбекстан менен Түрмөнстан толук кандуу мүчөсү болот деп ишенет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ТүркПАнын VII пленардык жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Жумабеков билдиргендей, түрк тилдүү мамлекеттер бар, алардын төртөө (Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түкрия) ТүркПАда. Ал билдиргендей, бүгүнкү күндө ардактуу конок болгон Өзбекстан менен Түркмөнстан кошулса, анда уюм толук кандуу болот.

“Алардын катышуусу – бул өлкөнүн бирдиктүү социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүдөгү башкы максат”,-деп билдирди ал.

Жумабеков кошумчалагандай, бүгүн ошондой эле, ТүркПАнын жаңы башкы катчысы шайланат.

Пикир

Оставить комментарий