• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жумабеков Өзбекстандын элчиси менен эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жандандыруу жаатында пикир алышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 5-декабрда Өзбекстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидовду кабыл алып, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жанжандыруу жаатында пикир алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Дастанбек Жумабеков бул жолугушуу кыргыз-өзбек байланыштарын бекемдөө боюнча жакындан пикир алышууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. «Кыргызстан Өзбекстан менен өз ара ишенимге жана кызыкчылыктарды сыйлоого негизденген өнөктөштүк мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл бөлөт. Азыр бизде жүзөгө ашырыла турган мүмкүнчүлүктөр өтө арбын», - деди ал.

Төрага Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин мамлекеттик сапарларынын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар менен кол коюлган документтер эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелерди жаӊы деӊгээлге чыгарганын, эки өлкөнүн президенти товар жүгүртүү көлөмүн 500 млн долларга чейин көтөрүү тапшырмасын койгонун айтты. Ал жакынкы күндөрү өзбек парламентинин делегациясы ТүркПАнын Бишкек шаарында өтө турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн келерин эске салды.

Ал эми элчи Комил Рашидов Төрагага жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстан да эки тараптуу жана көп тармактуу кызматташтык мамилелердин жанданышына кызыкдар экенин айтты.

Тараптар кыргыз-өзбек мамилелеринин келечегине байланыштуу маселелердин кеӊири алкагын талкуулады. «Ушу тапта Ош шаарында Өзбекстандын каржылык колдоосу менен атайын иштелип чыккан программада билим бере турган заманбап мектеп курулууда. Бул көп тилде билим берчү мекеме эки элдин достугунун сомволу болуп каларына ишенем», - дейт Комил Рашидов.

Жолугушуу жыйынтыгында Дастанбек Жумабеков маданий-гуманитардык байланыштардын маанисине токтолду. Ал өз сөзүн 2018-жылдын башында Өзбекстанда эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамиленин түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналган Кыргыз маданияты менен көркөм өнөр күндөрүн өткөрүү демилгеси пландаштырылып жатканын билдирүү менен жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий