• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жумабеков: ЖККУ ПА алкагында кызматташтык мамилелерди бекемдөө ЖКнын артыкчылыктуу багыттарынан

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеӊешинин жыйыны өтүп жатат.

Жыйын жүрүшүндө Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз Республикасынын 2019-жылы ЖККУ ПАга төрагалык кылуудагы артыкчылыктуу багыттары жөнүндө сөз кылды.

Төрага Дастанбек Жумабеков ЖККУ ПАнын кезектеги көчмө жыйынынын катышуучуларын жыйындын ачылуу аземи менен куттуктап, уюмду өнүктүрүүнүн жана ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык мамилелерди тереӊдетүүнүн маанисине токтолду.

«Кыргызстан 2019-жылы ЖККУ ПАга төрагалык кылган мезгилде бул жолугушуунун Бишкек шаарында өтүп жатышы Жогорку Кеӊеш үчүн кыйла маанилүү жана өтө жагымдуу көрүнүш. ЖККУ ПА алкагында кызматташтык мамилелерди ырааттуу бекемдөө жана өнүктүрүү Жогорку Кеӊештин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат», - деди Дастанбек Жумабеков.

Белгилей кетсек, жыйынга ЖККУ ПАга мүчө-мамлекеттердин төмөнкү парламенттик делегациялары катышууда: Россия Федерациясынын, Казак Республикасынын, Тажик Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Армения Республикасынын, Кыргыз Республикасынын. Ал эми байкоочу жак катары Сербия Республикасы менен Ооганстан Республикасынын делегациялары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий