• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Жумабеков оорунун айынан майып болуп калган эки баланын үй-бүлөсүнө жардам берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ысык-Көлдөгү иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын тургуну Султанбек кызы Мээримге материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Султанбек кызы Мээрим – төрт баланын энеси. Он беш жаштагы уулу Изат менен он үч жаштагы уулу Кубанычбек оорунун айынан майып болуп калышкан. Бир туугандар өздөрү басып, мектепте окууну кыялданганы менен каржы жетишсиздигинин айынан дарылана албай келишет. Үй-бүлө жакыр турмушта, кичинекей ижарага алынган батирде турат. Алардын менчик үйлөрү жок.

Төрага Дастанбек Жумабеков Султанбек кызы Мээримдин үйүнө барып, 50 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөттү. Ал эми балдарына планшет жана оюнчуктарды белекке берди.

Ошондой эле Төрага жер тилкесин алууга жана там куруу үчүн демөөрчүлөрдү табууга көмөктөшөрүн убада кылды. Ал эми Изат менен Кубанычты медициналык кароодон өтүүгө Бишкекке чакырды.

“Качан күн жылыганда Бишкекке келгиле. Бардык тиешелүү медициналык текшерүүдөн өткөрөбүз”, – деди.

Пикир

Оставить комментарий