• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумагул Сааданбеков: «Кара туман тарап, күн да ачык болот»

Коом 0

Жумагул Сааданбекович, Сиз тажрыйбалуу саясатчы, таанымал окумуштуу изилдөөчү катары өлкөдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабай дайыма өзүнүздүн курч, таамай пикириңизди айтып келесиз. Мына элибиз көксөгөн максатына – эгемендүүлүгүнө ээ болгонуна жакында 29 жыл болот. Бирок кылымдар бою эңсеген эркиндиктин ушунчалык кымбат турарын ким болжоптур, ким ойлоптур. Жылдан жылга созулуп, кайра-кайра кайталанган ар түрдүү кризистерден ана-мына кутулабыз деп турганда, быйыл дүйнөлүк пандемиянын кара туманы каптады, элдин азап – тозогу зилдеди. Мамлекетке жана элибизге бир топ оорчулукту, түйшүктү алып келди. Апаат күндөрдү баштан кечирип жатабыз. Нечен бир жарандарыбыздан, элибизге төбөсү көрүнгөн инсандарыбыздан ажырап калдык. Бүгүнкү абалыбыз кандай, эртең кайсы күнгө барып такалыбыз? Ушулар жөнүндө сиздин ой-пикириңизди, көз-карашыңызды билгибиз келет.

— Кыргыз эли тозоктун тогуз айлампасын кечип жүрүп, аман калган эл эмеспи. Байыркы кыргыздардын төмөнкү төрт сап ыры сай- сөөгүңдү сыздатат:

Өз жеринин кырк өзөндүү түзүндө,

Өзөн барбы кыргыз сөөгү жатпаган?

Кыр кырдагы кырк кайыңдын ичинде,

Кайың барбы кыргыз балта чаппаган?

Кудайга шүгүр, байыркы замандарда жаралып, азыркы күндө өзүнүн суверендүү мамлекети бар кыргыздардай эл тарыхта өтө сейрек. Кыргыз менен үзөнгүлөш чыккан элдер-меркиттер, карлуктар, керештер, тюргештер ж.б. азыр кайда? Сайда саны кумда изи жок. Жараткандын мээри түшкөн элбиз го деп ойлоп да жиберем кээде.

Албетте, биздин элибизде, башка элдердей эле кемчилик толтура. Бирок, кыргызды кыргыз кылган түп тутаар үч сапаты бар. Алар айкөлдүк (кеңдик, кең пейилдик деген мааниде), боорукерлик, эрдик.

Кечээ пандемияга каршы майданда күлгүндөй жап-жаш кызыбыз Адинай Мырзабекова күнү-түнү иштеп жүрүп, теңдешсиз эрдик жасады. Катуу илдет менен күрөшүп, ажал менен арбашып, өз жанын аянбай жүрүп Адинай каза тапты. Анын айкөлдүгү, эрдиги, боорукерлиги кыргыздын эр жүрөк кыздары Жаңыл мырзадан, Кыз Сайкалдан, Курманжан даткадан кемби? Көрсө эл ичинде эр жүрөк баатыр кыздарыбыздын жолун улагандар толтура турбайбы. Адинай өңдүү жүздөгөн кыздарыбыздын кан тамырында алардын каны али агып турган экен го. Военно-Антоновка айылында жашаган мугалим Нүргүл Сыдыкованын уулу Интернетте: «Сагындым, мама! Мен сиз менен 5 айдан бери көрүшө элекмин. Кенедей колум бошобойт» деп жазыптыр. Бул жигит 5 айдан бери ыктыярчы болуп, пандемияга каршы майданда жүрөт. Дагы бир мени таң калтырган көрүнүш, ондогон кыргыздын жигиттери-кыздары, көбүнүн кайдан-жайдан чыга калганы да белгисиз, финансылык, техникалык олчойто жардамдары элибизге алып келишти. Австрияда бир жети жашар бөбөк конкиге деп жыйып жүргөн акчасын быякка жибериптир. Өгүнү теледен ташкенттик бир өзбек жигит: «карачы кыргыздардын ынтымагын» деп суктанып жатат.

Күн сайын ушуга окшош ондогон, жүздөгөн мисалдарды угуп көрүп, сүйүндүм, үмүтүм жаңыдан кайра ойгонду. Биз өлбөс-өчпөс эл экенбиз го. «Түгөнгөн сайын түтөгөн «кыргыз» деп бекер айтылбаптыр.

Көпчүлүктүн, кыргызча айтканда, кара аламан калктын бир касиети – алар дайыма баатырларга, каармандарга муктаж, аларды издейт, табат, сыймыктанат, ошолорго өзүн окшоштурат, иденттештирет. Мисалы, бүгүн 90 миллион эли бар Филиппинде, биринчи эле кезиккен кишиден «Филиппин деген ким» деп сурасаң, Паккиао дейт (өзүңөр билесиңер, бул киши жер жүзүн дүңгүрөткөн, бокс боюнча бир нече жолку дүйнө чемпиону). Баракелде, кандай тамаша: биз Манас жана Айтматов менен кандай сыймыктансак, алар мушкери менен ошондой сыймыктанат экен.

Биз дагы улуттук каармандарды саясатчылардын, жазуучулардын, артисттердин, спортчулардын ж.б. арасынан издеп көнгөнбүз. Бирок кара тумандай каптаган, илдет менен күрөшүүдө биз көксөгөн баатырларыбыз арабызда эле жүргөн экен. Көрсө алар өзүң жашаган кошуна үйдө, балдарың окуган мектепте, дарыланган ооруканаларда эле турбайбы. Таң заарында кошунанын үйүнөн жүгүрүп чыгып бараткан ак халатчан жаш кызды көрүп, бул баатыр эмей ким баатыр деп ойлодум. Кечээ Президент Сооронбай Жээнбеков кезигип сүйлөшкөн ыктыярчылардын шыктанган жүзүн, демилгелүү сөздөрүн, иштиктүү сунуштарын угуп уучубуз куру эмес экен, улуттун келечеги так ушулар деп ишендим.

Туура, ушул тапта бул апаат менен күрөшүүгө мамлекеттик бийлик органдары, саламаттыкты сактоо мекемелери, каарман даарыгерлерибиз менен тең катар, жалпы элибиз түп көтөрүлдү. Бирок оор кырсык басып турганда адамдардын мыкты сапаттары менен катар, терс жактары да ачылып, чайкоочулука баруудан да кайра тартышпайт тура.

— Өткөн тарыхыбыздан даана көрүнгөндөй жакшылык да, жамандык да, «эл» деген ураанга жамынуу менен жасалат. Бирок идеалдуу, калыпка салгандай эл эч жерде жок. Германияда 80 миллион немец эли жапа тырмак Гитлердин киши жегич нацизм идеологиясын колдоп, эч бир ойго келгис тарыхый жаңылыш кетиргени жалганбы? Англосакстар Түндүк Америкадагы индеецтерди түп – тамырынан кырып, Африкадан миллиондогон негрлерди зордук менен кулдандырган. Мына бүгүн англосакстардын ошол тарыхый күнөөсү үчүн президент Трамп баштап, Американын төбөлдөрү ачык аянттарда тизесин бүгүп негрлерден кечирим сурап жатканын көрүп жатабыз.

Жакында эле биздин теледе бир аял: «Президент вирустун чукул жайылып кеткенине эл өзү күнөөлүү деди. Айткылачы, элде эмне күнөө, өздөрү иштей албайт атып, элди күнөөлөйт» деп алкылдады. Тегерегинде оозун ачып бир топ «эл» турат, алардын бирөө да чыгып: «Эй, карантинден кийин, өзүбүз тартипти бузуп, жайылып көчөлөргө, базарларга, парктарга чыкпадыкпы, кафе, ресторандорда шарактап, вирусту өтө жайылтып албадыкпы» - деп үн катканга жарабады. Мына сага «эл» деген.

Элди айрыкча козутуп, алдагандар популист-саясатчылар болду. Ушулар биринчи «короновирус деген жөн эле бир жомок, бийликтер элди алдап, алаксытыш үчүн, митингдер болбос үчүн атайын ойлоп чыгышкан» деп да чыгышпадыбы. Элиң болсо, кара жанын карч уруп иштеп аткан Өкмөткө, күнүгө жалынып-жалбарып суранган Президентке ишенбей, ушуларга ишенбедиби. Анан кантип элиңе таарынбайсың.

— Азыр айрым саясатчылар, блогерлер, интеллигенттер наалыган, муңданган бир нукка түшүп алышкандай. Айтор өлкөбүздө баары эле быкый. Аларга көзү ачыктар, экстрасенстер, бакшылар ж.б. кошулганда, бул дүйнө капсалаңына жакындап калгандай, катастрофизмдин карааны жүргөндөй сезилбейби? Ушундайда көпчүлүктүн көөнүн көтөргөн, биримдикке, сабырдуулукка жана кайраттулукка чакырган салмактуу, демдүү сөздөр да керек окшойт.

— Азыр идеологияда, пропагандада жасаган ишиңди, жетишкен ийлиликтериңди көрсөтө билүү зарыл. Антпесе, басма сөзүбүз, телеканалдарыбыз кара пиарга толуп кеткендей. Карап турсаң, бизде баары эле жаман, бирок жандуу турмуштагы оң көрүнүштөрдү көрсөтүүгө алдары келбей жатат.

Коомдогу катастрофизм маанайына каршы салгылашуу бюджет үчүн салгылашуудан кем болбош керек. Анткени, экономикадан тышкары коомдук-саясий психология деген бар. Оорулуу адамды айыктырыш үчүн анын айыгайын деп умтулган мотивациясы - дарыдан кем эмес даба. Кыскасы, катастрофизм, нигилизм өңдүү коомдук аң-сезимдеги илдеттерге каршы күчтүү идеология керек. Кыргызстан кийинки 30 жылда, Советтер Союзу тарагандан кийин биринчи жолу, эч кандай философиясыз, эч кандай улуттук идеологиясыз, эч кандай коомдук жалпы акыл-ойсуз жашап жатат. Өтө кайгылуу, трагедияга жык толгон факт мына ушундай. Ошондуктан көп зарлап жүрүп колго тийген эркиндиктен кийин жүз түркүн гүлдөр гүлдөбөй калды.

Ушул мааниде алганда, жапайы капитализмди куруу мезгили биздин бүткүл тарыхыбызда эң бир максатсыз, эң бир кунарсыз, мазмунсуз мезгил болду. Бүткүл максат коомдуку да, жеке адамдыкы да акчага барып такалды.

Ошентсе да, бүгүн пессимизмдин сазына чөгүп, «акыр заманды» күтүп отурууга эч негиз жок. Ырас, элдин айрым бөлүгү жабыркап жатат. Бирок, жандуу турмуш жалаң эле жабыркоого, жалаң эле бактысыздык менен зар муңга чөгүп калса, анда анын эмнеси турмуш? Элибиздин турмушунда көңүл көтөрүп дем берген, жаркын жактары жокпу? Элибиз жамырата уул үйлөп, кыз берип, бешик той бербей калганбы? Кудайга шүгүр, той-аш берүү жагынан бүт планетанын алдындабыз го чиркин. Же ичээрге суу, жегенге нан, баш калкалаар там жокпу? Нан демекчи. Кечээ эле 90-жылдардын башында бул мамлекеттин зар какшаткан проблемасы эмес беле, өзүбүз бастырган дан жетпей, аны сатып алыш үчүн Америкага чейин жалдырап барчубуз. Эми ал кез унутулган. Дыйкандардын көбүнүн кампасы толтура. Эгинибизди сата албай жатабыз, өтө арзан деп капаланышат. Колубузда малыбыз күтүргөн чоң чарбаларга айланган, жайыттарга батпайт. Этти да саталбайбыз дешет. Айылдагы үйлөрдү карасаң, кээ бирөөнүн короосунда бир нече машина.

Эми шаарга келели. Бишкектин көчөлөрүндө гана эмес, бардык чоң -кичине шаарларда жеңил машиналар батпай кеткен. Акыркы беш жылда алардын саны 5 эсеге көбөйүптүр. Ошонун баарын эмне, жалаң байлар минип жүрүптүрбү? Оокатын тыңдап алган карапайым кыргыздын уул-кыздары айдап жүрөт. Шаар көчөлөрүн азыр тааныбайсың. Кабат-кабат үйлөр күн сайын жаңыдан пайда болууда. Элдин кийингени москвалыктардан, Европадан эч кем калбайт. Жолдор оңолгон. Υйлөрдө электр, газ. Базарларда дүр дүнүйө толтура. Азиядагы, Индия, Пакистан, Бангладеш өңдүү чоң-чоң өлкөлөрдө мындай турмуш элдин түшүнө да кирбейт. Айтмакчы, мурда дүйнөлүк статистикада Кыргызстан жарды өлкөлөрдүн тизмесинде болсо, бүгүн ортодон ылдыйкылардын тизмесине кириптир.

Өткөн кылымдагы өнүгүү тенденцияларына баа берип, белгилүү тарыхчы А. Тойнби бекеринен мындай деп жазган эмес: «Υстүбүздөгү кылымда батыштагы коомго чыныгы үстөмдүк кылган эки күч - индустриализм менен улутчулдук болду. Өзүн өзү бүтүндөй бир космос санаган, дүйнөнү универсалдуу камтууга умтулган «улуу империялардын» жаралышы өнөр жай революциясы менен улутчулдуктун азыркы формаларынын камыр-жумур айкалышынын натыйжасы болду». Мында «улутчулдук» деп автор улуттун өз күчүнө өзү ишенгенин, өзүн өзү урматтай билгенин, улуттук атаандаштыкка чыдамкайлыгын айтып жатат. Антпесе ал улут кайдагы империяны жаратмак эле.

Кантип ушундай сапаттарга ээ болобуз?

Биринчиден, улуттук мыкты сапат баарынан мурда элдин терен интеллектине, кесип өнөрчүлүгүнүн күчтүүлүгүнө байланыштуу. Ошондуктан, бүт илим, билим берүү системасын инновация, санарип жаңы технология жагына чечкиндүү бурушубуз керек. Айрыкча, окуу жайларында азыртадан базалык предметтерге (математикага, физикага, химияга) басым жасабаса оңолбойбуз.

Экинчиден, коллективдүү жоопкерсиздикке, кайдыгерликке көнгөн элди жеке адамдын жоопкерчилиги, ар бир инсандын турмуштагы жеке ийгиликке умтулуусу аркылуу жалпы улуттук чыйралууга, ар-намыс ызасына келтирүү керек. Жада калса, шайлоодо да жүз грамм арак, бир кесим этке добуш берип жүргөндөрдөн кандай жоопкерчиликти күтөсүң!

Υчүнчүдөн, улуттун уюткулуу жашашынын эң зарыл улуттук каражаттары – көркөм адабият, кинематограф, театр, көркөм сүрөт, пресса ж.б. Булар -улуттук масштабдагы проблемаларды көтөрүп, дайыма талкуулоо аркылуу улут канын жүгүртүп, жүзүн ачып турган маалымат аспабы. Чынында эле, булар болбосо Алайда жүргөн кыргыздын башына келген акыл Ат-Башыдагы кыргызга кантип жетет? Тилекке каршы, кинематография азыр сенек, гезит-журналдын нускасы таптакыр аз, элге жетпейт, телевидениеде көпчүлүк программалар тайкы, терең аналитика жок. Илгерки «Жибек революциясынын» шарданы менен дүрбөп саясатка аттанып, саймедиреген жазуучуларыбыздын азыр үнү угулбайт.

— Жумагул ага, негизи элибиздин улут катары эртеңкисине ишенесизби?

— Ишенич менен үмүтсүз жалгыз куурайдын башын да сындыра албайсың. Азыркы опурталдуу заманда ишеним менен үмүт адамзатты аман сактап калуунун символу болуп калды. Ким эчтекеге ишенбесе, үмүттөнбөсө, алар үчүн курмандыкка да барууга даяр болбосо, ал эч нерсеге татыксыз адам. Азбы-көппү жылдардан кийин биздин асыл ой-максаттарыбыз, жаркын кыялдарыбыз ишке ашып, элибиз байгер, бейпил турмушка жеткен кезде, азыркы күндөрдү эстеп: кандай татаал, кандай азаптуу, бирок кыялга тунган кызык мезгил өтүптүр, аттиң, деп айтарбыз. Кара туман тарап, күн да ачык болот.

Маектешкен Таалайбек Темиров

Пикир

Оставить комментарий