• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумакадыр Курмангалиев Чүй облустук драма театрынын директору болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Жумакадыр Курмангалиев Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору кызмат ордуна дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Курмангалиевди эмгек жамаатка маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалады.

Жумакадыр Курмангалиев 1962-жылы 9-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган.

1983-жылы Пржевальск мамлекеттик музыкалык колледжинин, “Хор дирижеру”, ал эми 1992-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун, маданий агартуу иштери боюнча адистигин аяктаган.

2018-жылдан 2023-жылга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборду жетектеп келген.

Пикир

Оставить комментарий