• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумакадыров: “Акылдуу шаар” ишке ашса, жарандар унааларын каттатууга кызыкдар болуп калышат

Коом 0

Бишкек, 1-август /Салтанат Абдраева - Кабар/. “Акылдуу шаарды” ишке ашырууда жарандар унааларын жаңы ээлерине каттатууга кызыкдар болуп калышат. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдирди.

Анын айтымында “Таза коом” долбоорунун алкагында күзүндө Ош жана Бишкек шаарларында “Акылдуу шаар” сынамык долбоору ишке кирет. Мурда долбоор “Коопсуз шаар” деп аталган. Анда жолдордо коопсуздукту жөнгө салуу гана каралган. Ал эми “Акылдуу шаарда” жол кыймылы эле эмес, жарандардын көчөдөгү коопсуздугу да каралган. Жарык тутуму да автоматташтырылат.

“Бул жакшы долбоор жана ал жолдордо коопсуздукту камсыздо үчүн иштелип чыккан. “Мегаком” компаниясы сатылаары менен бардык каражаттар бул эки сынамык долбоорду ишке ашырууга жумшалат”, - деп белгиледи ал.

Коопсуздук кеңешинин катчысы катары ал унааларды каттоо чечими кабыл алынганын белгиледи. Эгерде унаа сатып алган адам аны өзүнө каттатса, маселе жаралбайт. Жол кыймылынын эрежеси бузулган шартта айып унаанын ээсинин дарегине келет. Бул долбоор иштеп баштаса, сатып алуучу унааны өзүнө каттатууга кызыкдар болуп калат. Бул туура”, - деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ президент А.Атамбаев КР Коопсуздук кеңешинин “КРда жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу чаралары жөнүндө”, “КРда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу ишинин таасирдүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө” жана “КР стратегиялык объекттеринин тизмесине сунуштамалар жөнүндө” чечимдерине кол койду.

Пикир

Оставить комментарий