• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жумакадыров каза болгон кырсык боюнча айыпталган айдоочу 10 жылга эркинен ажыратылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров кабылган жол кырсыктын күнөөкөрү КАМАЗдын айдоочусу Афтандил Таалайбек уулу 10 жылга эркинен ажыратылды.

Бүгүн Чүй облусунун Москва райсотунда вице-премьер-министр Жумакадыров жардамчысы Нурлан Жамгырчиев менен айдоочусу Нурбека Муканова каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук териштирүү болду.

Сот соттолуучунун өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алгандыгын, кырсык болгон жерден кетип калбагандыгын, болгон ишке өкүнүп жаткандыгы жана кечирим сурагандыгын белгиледи.

Аягында сот аны 10 жылга эркинен ажыратып, мамлекетке 2,1 миллион сом айып төлөтүү чечимин чыгарды.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 7-октябрында Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 36-чакырымында болжол менен таңкы саат 6.30 чамасында жол кырсыгы катталган. КамАЗ жана Toyota Land Cruiser Prado унааларынын кагылышынан 3 адам каза болгон - вице-премьер Темир Джумакадыров, анын айдоочусу Нурбек Муканов жана жардамчысы Нурлан Жамгырчиев.

Пикир

Оставить комментарий