• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумакадыров каза болгон кырсык боюнча иш сотко өткөрүлүп берилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча иш сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР ИИМнин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтымына караганда, ишти объективдүү жүргүзү үчүн ал ИИМнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

“Тергөө толугу менен аяктап, иш кырсык болуп өткөн Чүй облусунун Москва райондук сотуна өткөрүлүп берилген”,-деп билдирди ал.

Сеитовдун айтымында, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча башкы шектүү КАМАЗдын айдоочусу болуп саналат. Тергөө вице-премьердин өмүрүнө кол салуу максатында атайын уюштурулган деген версияны четке кагат.

“Биздин позиция – бул чындап эле жол кырсыгы. Акыркы сөздү сот айтат”,-деп кошумчалады Бакыт Сеитов.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 7-октябрында Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 36-чакырымында болжол менен таңкы саат 6.30 чамасында жол кырсыгы катталган. КамАЗ жана Toyota Land Cruiser Prado унааларынын кагылышынан 3 адам каза болгон - вице-премьер Темир Джумакадыров, анын айдоочусу Нурбек Муканов жана жардамчысы Нурлан Жамгырчиев.

Пикир

Оставить комментарий