• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жумакадыров: Шайлоо күнү ыкчам байланыш дарегине келген ар бир билдирүү жоопсуз калбашы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Темир Жумакадыров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен Ысык-Көл облусундагы жана Чолпон-Ата шаарындагы айрым участкалык шайлоо тилкелерине барып, андагы даярдык иштерин көрүп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Андан соң саясий өнөктүккө кам көрүү боюнча республикалык штабдын төрагасы, Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Темир Жумакадыров Ысык-Көл облустук штабдын жыйынына катышты.

«15- октябрь күнү ыйкчам байланыш дарегине келген ар бир билдирүү жоопсуз калбашы керек. Жарым сааттын ичинде келген билдирүү чындыгында болгонун же жалган маалымат экени аныкталууга тийиш. Эгерде факты болсо анда ыкчам арада тиешелүү органдар тарабынан кечиктирилгис чаралар көрүлүшү зарыл. Биз шайлоо өнөктүгүн жаңы технологиялардын жардамы менен өткөрүп жатабыз. Ошондуктан шайлоонун таза жана ачык өтүшүнө эч нерсе тоскоол болбошу керек»,-деди вице премьер министр.

Жыйындын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда даярдыктар өз нугунда жүруп жаткандыгы, энергетика, компьютердик жабдуулар, байланыш линиялары жана интернет боюнча эч кандай маселе жок экени айтылды.

Андан соң вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы борбордук ат майданда өткөн «Жети акеге» арналып, 2013-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан ат оюндарына катышты.

Улуттук оюндун күйөрмандарын бүгүнкү тарыхый окуя менен куттуктаган Темир Жумакадыров борбордук ат майданда өлкөнүн тарыхында кала турган ири мелдештер көп болгонун, анын катарында келерки жылы Бүткүл дүйнөлүк үчүнчү Көчмөндөр оюнунун өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Ал мындай окуялар өлкөнүн маданиятын жана андагы туруктуулук оң жагынан дүйнө элдерине көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий