• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумгал, Кочкор, Ысык-Көл, Токтогул, Кара-Көл жана Балыкчы Сооронбай Жээнбеков үчүн! ФОТОРЕПОРТАЖ

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков өзүнүн үгүт иштерин улантууда. Нарын областынын Жумгал, Кочкор райондору, Ысык-Көл району, Ысык-Көл областынын Балыкчы шаары, Токтогул району, Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаары Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдошту.

Эскерте кетсек, өзүнүн үгүт иш-аракеттерин Сооронбай Жээнбеков салынып жаткан Түндүк-Түштүк кошумча жолунун 194-чакырымына баруудан баштаган. Ал жактан Жумгал районунун жана башка аймактардан келген жактоочулары менен жолугушкан. Андан соң ал Кочкор, Ысык-Көл райодоруна жана Балыкчы шаарына барды. Токтогул районуна бара жаткан жолдо Чычкан капчыгайынан бал өндүрүүчүлөр менен баарлашты. Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын тургундары менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков кайда гана барбасын, аны жылуу маанайда тосуп алышып, Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин кош колдоп жатышат.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: 13.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий