• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жумгал районунда үч айдан бери дайынсыз болгон 32 жаштагы жаран изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.03.18. /Кабар/. Жумгал районундагы Көк-Ой айылынын тургуну 1985-жылы туулган Н.К., аттуу жараны үстүбүздөгү жылдын 10-январынан бери дайынсыз болууда. ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, дайынсыз жоголгон жаранды ушул кезге чейин туугандары өздөрү издешкен, бирок натыйжа болгон эмес.

Кечээ, 15-мартта издөө иштеринде көмөк көрсөтүүнү суранып КР ӨКМнин райондук бөлүмүнө бир тууган агасы кайрылган.

“КР ӨКМнин №43 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан Жумгал суусунда издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон жок. Бүгүн издөө иштери уланат”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий