• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жумгал районунда мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди.

Облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган имараттын курулушу 2013-жылы башталган. 225 орунга негизделген типтүү мектептин курулушунун жалпы сметалык наркы 62 миллион сомду түзүп, 41 миллион сому республикалык бюджеттен, ал эми 21 миллион сому Түрк гранты менен каржыланган.

Учурда аталган орто мектепте 31 мугалим эмгектенип, 300 окуучу билим алууда.

Билим уясынын салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Нарын облусунун башчысы Сабыркул Ашимбаев, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Залкар Бозбалаев, мектептин ысымын алып жүргөн Байбача уулу Тыналынын үй-бүлөсү, жакындары, айыл тургундары жана башкалар катышып, жаңы мектепте билим ала баштаган келечек ээлерине жакшы тилектер айтылды.

Пикир

Оставить комментарий