• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жумгал районунда жер көчүп, таза суу түтүгү жана электр зым карагайы жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 02.12.18. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын Ыраакы Миң-Куш тилкесиндеги “Жумгал Суу Курулуш" көмүр казган ишканасынын аймагында жер көчкөн. Кырсык кечээ, 1-декабрда болжол менен саат 12:30дар чамасында катталып, жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 35000 м3 болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жер көчкүнүн кесепетинен Ыраакы Миң-Куш тилкесине баруучу таза суу түтүгү жана "Жумгал Суу Курулуш" көмүр казган ишканасынын 2 даана электр зым карагайы жабыркаган.

"Учурда жер көчкү акырындык менен жылууда, турак үйлөргө коркунуч жок", - деп кабарлашты ӨКМден.

Жеринде ыкчам топ жана райондук ЖК комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бугүн кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы билдиргендей, сентябрь айында эскертме берилген.

Пикир

Оставить комментарий