• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жумгал районунда жер көчкү түшүп, экскаваторду басып калган

Кырсык 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Жумгал районунда жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кенинин забоюнда бүгүн саат 13:30 чамасында жер көчкү (көлөмү такталууда) түшкөн.

Жер көчкү ошол жерде иш алып барган жеке ишкананын 1 даана экскаваторун басып калган.

Айдоочусу жабыркаган эмес, ал ошол учурда унаада жок болгон.

Кырсык катталган жерге саат 17:30да райондук ЖК комиссиясы жана КР ӨКМнин Жумгал райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

Учурда жеринде тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий