• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жумгал районундагы жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 1 жүргүнчү жабыркады

Кырсык 0

Бишкек,27.09.18. /Кабар/. Жумгал районундагы Чаек-Кочкор унаа жолунун 105-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн 27-сентябрда болжол менен түнкү саат 00:15тер чамасында “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 1 адам жабыркаган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жабыркаган жаран райондук ооруканага жаткырылган, ал эми каза болгон жарандын жансыз денелеси ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий