• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жумгал РИИБи милициянын көчмө кабылдамасы менен шайлоого карата профилактикалык иштерди жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.01.21. /Кабар/. Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен Жумгал районунун шайлоо участкаларына жана жергиликтүү айыл тургундарына профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Нарын облустук милицинын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ошондой эле COVID-19дун алдын алуу максатында санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо керектиги түшүндүрүлүп, тынымсыз иш алып барылууда.

Милициянын көчмө кабылдамасына 4 жаран кайрылып, ыраазычылык каттарын калтырып кетишкен. Бүгүнкү күндө Жумгал районунун аймагында коомдук коопсуздук көзөмөлгө алынып, коомдук саясий кырдаал туруктуу сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий