• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жумгалда 4 күн электр жарыгы жок болот. Каттоо кызматы жергиликтүүлөргө кайрылды

Аймак 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Жумгал районунда 4 күн электр жарыгы жок болот. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жергиликтүү тургундарга кайрылды.

Каттоо кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 8, 9, 10 жана 11-июнунда Нарын облусунун Жумгал районунда электр энергиясын өчүрүлүүсүнө байланыштуу Жумгал райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүндө жана «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Нарын региондук бөлүмүнүн Жумгал секторунда калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, транспорт каражаттарын каттоо, курсанттарды тестирлөө мамлекеттик кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болбойт.

Ошондой эле учурда, жогоруда көрсөтүлгөн бөлүмдүн жана сектордун кызматкерлери жумуш графигине ылайык жумуш орундарында болушат жана жарандарга документтештирүү маселелери боюнча консультация беришет.

Ал эми мурда кабыл алынган табыштамалар боюнча паспорттор жана айдоочулук күбөлүктөр графикке ылайык берилет.

Пикир

Оставить комментарий