• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумгалда чайыр ташыган унаа күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 18.04.18. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунун Арал айылында 2 тонна чайыры бар жүк унаасы күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

“Howo унаасынын прицеби өрттөнүп жатканы тууралуу билдирүү 17:05те түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр 16 мүнөттө кырсык болгон жерге жетишкен. Өрт толугу менен 18:26да өчүрүлгөн”, - дешти ӨКМден.

Өрттүн натыйжасында жүк унаасынын прицеби жана дөңгөлөктөрү күйүп кеткен. Өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан чыккан.

Пикир

Оставить комментарий