• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумгалда кечкисин көчөдө максатсыз жүргөн 9 өспүрүм ата-энелерине тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Нарын облусунда Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда профилактикалык алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, мектеп окуучуларына жолдон өтүүнүн эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-эне, мугалимдер менен жолугушуу болуп өттү.

Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте атайын рейдге чыгып, анда ата-энелер балдарынын окуусу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ошол эле учурда сырткы жана ички мигранттардын балдарын үймө-үй кыдырып, аларга карата зордук-зомбулуктун алдын алууда камкорчуларына атайын тапшырмалар коюлду.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында кечкисин көчөдө максатсыз жүргөн 9 жаш өспүрүм аныкталып, ата-энесине тапшырылып берилди.

Пикир

Оставить комментарий