• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумгалда мал уурдаган 3 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Жумгал милициясы мал уурулук фактылары боюнча шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-июль күнү Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургуну 1990-жылы туулган Т.Э. Жумгал райондук милициясына кайрылып, 22-июлдан 23-июлга караган түнү короосунан белгисиз себептер менен койлорунун арасынан 6 баш кой жок болуп жатканын билдирген.

Аталган факт Жумгал РИИБнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Жумгал районунун тургундары 2000-жылы туулган А.А, 1999-жылы туулган С.У, 2001-жылы туулган Ж.К.лар кармалып, толугу менен күнөөлөрүн мойнуна алышкан.

Шектүүлөр мындан башка да мал уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий