• 84.8
  • 101.16
  • 1.14

Жумгалда милиция жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Жумгалда милиция жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрүп жатат.

Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Жумгал РИИБнин милициянын көчмө кабылдамасы менен Жумгал РИИБнин жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Уланбек Коноев жергиликтүү аткаруу бийлигинин кызматкерлери менен биргеликте аталган райондун Миң-Куш, Кабак айылдарына барып, эл менен жолуккан.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар жол коопсуздугу, электр жарыгы көйгөйлүү маселелердин бир болуп жаткандыгын айтышкан. Бул боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар берилди.

Милициянын көчмө кабылдамасына төрт жаран кайрылып, ыраазычылык билдирмелерин калтырышты, ал эми арыз жана даттануу катталган жок.

Милициянын көчмө кабылдамасы менен айыл аймактарга ишке сапарга чыгуу үчүн милиция кызматкерлери не бир кыйла жеңилдиктерди алып келүүдө жана натыйжалуу профилактикалык иш-чаралар жеринен өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий