• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жумгалда милиция жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Жумгалда милиция жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 19-ноябрь күнү Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен Жумгал райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Жумгал РИИБнин башчысы, милициянын подполковниги Жаныбек Ашыралиев милициянын көчмө кабылдамасы менен Жумгал районунун Ак-Булак, Өрнөк айыл аймактарын кыдырып, бардык санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуу учурунда элдин көйгөйлүү маселелерди угуп, жеринен көмөк көрсөтүп келишти. Андан сырткары өлкөдө болуп жаткан Covid 19 илдетин алдын алуу жана жайылтып албоо максатында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада, милициянын көчмө кабылдамасына 8 жаран кабыл алынды. 4 адам ыраазычылык билдирмелерин калтырып кетишти.

Мындай иш-чара райондун баардык айыл аймактарына улантылат.

Пикир

Оставить комментарий