• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жумгалда милициянын көчмө кабылдамасы алдыдагы шайлоого карата калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери көчмө кабылдама менен 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүнө карата жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алдыдагы шайлоого карата даярдык көрүү, аны өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте милициянын көчмө кабылдамасы менен айыл тургундарына жеринен жолугушууларды өткөрүп, таза шайлоо өткөрүүгө жана коомдук тартипти сактап берүүгө чакырып, шайлоо мыйзамдарын бузгандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертип, шайлоонун тынч өтүүсү боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат.

"Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери айыл аймактарга иш сапарга чыгууда, жарандардын арыз даттанууларын, кайрылуусун жеринен кабыл алууда, милициянын көчмө кабылдамасы менен барып жеринен көмөк көрсөтүп келишет", - деп кошумчалашты облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Мындан тышкары, жугуштуу илдеттин алдын алууда эл көп чогулган жерлерде беткап тагынып жүрүү жагы эскертилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий