• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумгалда окуучуларга "Биз зордук-зомбулукка каршыбыз" аталыштагы иш-чара өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Жумгал районунун Чаек айылынын О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин окуучуларына "Биз зордук-зомбулукка каршыбыз" аталыштагы иш-чара өткөрүлүп, анда зордук-зомбулук жана рэкетчилик боюнча видео ролик көрсөтүлдү. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чараны Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору өткөрдү.

Анын жүрүшүндө сүрөт көргөзмө өткөрүлүп, ар бир тартылган сүрөттөр боюнча түшүндүрмө берилип, жыйынтыгында эң мыкты деп табылган сүрөт ээлерине Жумгал райондук милициясы тарабынан Ардак грамота жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Ошондой эле окуучулар арасында көйгөйлүү маселелер талкууга алынып, ачык-айкын сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мектеп жамаатына зордук-зомбулук боюнча окуу китептери берилди.

Район аймагында орто мектептеринде профилактикалык түшүндүрүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий