• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жумгалда түшкөн жер көчкүнүн кесепетин жоюу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. Жумгал районунда түшкөн жер көчкүнүн кесепетин жоюу иштери уланууда. Ыраакы Миң-Куш айылынын тургундарына таза суу цистерналар менен жеткирилүүдө.

Ошондой эле жер көчкүнүн кесепетинен жабыркаган суу түтүкчөлөрүн калыбына келтирүү иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Ыраакы Миң-Куш тилкесиндеги окуучулардын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо максатында, жеринде атайын имаратта окутуулар уюштурулган.

Эскерте кетсек, 1-декабрда саат 12:30 чамасында Миң-Куш айылынын Ыраакы Миң-Куш тилкесинде көлөмү болжол менен 600 миң кубометр жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 45 миң кубометр көчкү Ыраакы-Миң-Куш тилкесине баруучу унаа жолду жаап калган.

Жергиликтүү тургундар үчүн айланма жол бар. Мындан сырткары жер көчкүнүн кесепетинен Ыраакы Миң-Куш тилкесине баруучу таза суу түтүгү жана "Жумгал Суу Курулуш" көмүр казган ишканасынын 2 даана электр зым карагайы жабыркаган. Учурда жер көчкү акырындык менен жылууда, бирок турак үйлөргө коркунуч жок.

Жер көчкүнүн кесепетин жоюу иштерине тийиштүү техника тартылган.

Бирок, жер көчкү акырындык менен жылып жаткандыгына байланыштуу, тазалоо иштери убактылуу токтоп турат.

Пикир

Оставить комментарий