• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жумгалда турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча кечээ саат 18:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында каналдан суу ашып, Кашка-Терек жана Май-Кокту тилкесинде жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерине Жумгал райондук бөлүмдөн 20 куткаруучу жана кошумча айыл аймактан 2 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылган.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет борбору туруксуз аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таркаткан.

Пикир

Оставить комментарий