• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумгалда тургундун 9 баш малын уурдоого шектелип айылдашы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунда тургундун 9 малын уурдоого шектелип айылдашы кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 28-апрель күнү Жумгал райондук милициясына арыз келип түшкөн. Анда 30-март күнү саат 01:00дөр чамасында Жумгал районунун Чаек айылынын 59 жаштагы К.К. аттуу тургунунун 9 баш (кой, козу, эчки) малы уурдалганы жазылган.

Аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөө амалдары жүргүзүлө башталган. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө мурда сот жообуна тартылган Жумгал районунун Чаек айылынын 33 жаштагы А.Т. аттуу тургуну шектүү катары кармалган.

Учурда шектүүнүн башка дагы кылмыштарга катыштыгын боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий