• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумгалдын Дыйкан айылында спирт ичимдиктери жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунуна караштуу Дыйкан айылынын жаштары айылдагы спирт ичимдиктерин талкалап, жок кылышты. Бул тууралуу аталган айылдын имамы Тилек Сабырбек уулу билдиргендигин муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Имамдын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 22-февралында Дыйкан айылынын жергиликтүү жаштары айылдагы ичкиликке жана спирт ичимдиктерин сатууга каршы чыгып, айылдагы дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктерин чогултуп, аларды төгүштү.

Бүгүнкү күндө айылдын дүкөндөрүндө сатыкта калган ичимдикти айыл жаштары акча каражатын чогултуп сатып алышса, айрымдарын карызга алуу менен баарын алып чогултуу менен жок кылышты.

Пикир

Оставить комментарий